Кыргызстандын электр энергетикасынын өнүгүү тарыхы
1932-жылдан 1955-жылга чейин
1932-ж. |
Кыргызстанда биринчи энергетикалык ишкана негизделген – шаардык электрстанциялардын Фрунзелик бирикмеси (ФОГЭС). Кыргыз тоо техникумунун «тоо электромеханиги» («горная электромеханика») адистигине биринчи студенттер кабыл алынган. Кант шекер заводунда биринчи жылулукэлектр тутумунун курулушу аяктаган, анда 856 кВт кубаттуулуктагы 5 кыймылдаткыч жана 810 кВт кубаттуулуктагы эки генератор коюлган. Кемин районунун Ильич атындагы совхоздо жана Түп районунун «Сухой Хребет» савхоздорунда биринчи совхоздук электрстанциялар иштей баштаган, биринчисинин кубаттулугу 25 кВт түзсө Түптө 14 кВт кубаттулукта болгон. Кара-Балта районундагы Чалдовар айылында жана Ленин районунун Сакалды айылында МТС алдында электрстанциялар ишке берилген, алардын кубаттуулугу 60 кВт жана 35 кВт түзгөн. Өзгөн шаарында 26 кВт электрстанция ишке берилген. |
1933-ж. |
20-мартта Ленинград шаарында эмгекчилер Кыргызстанда электрлештирүүдө көмөк көрсөтүү боюнча келишим түзүшкөн. Пржевальск шаарында 60 л.с кубаттуулуктагы чакан гидроэлектростанция ишке берилген. Александровка (15 кВт.) жана Орловка (25 кВт) айылдарында электрстанциялар иштей баштаган. Көк-Жаңгак кенинде электрстанция ишке берилген. Станцияда 957 кВт эки локомобил жана 500 кВт кубаттуулуктагы эки генератор орнотулган. Фрунзе ДЭС 2де биринчи жылуулуу агрегат 1000 л.с дизелдик кубаттуулугу жана 668 кВт. Кубаттуулукта генератор ишке берилген. 15-декабрда Ош ГЭС 1де 10 кВт. кубаттулуктагы генератор андан да кубаттуурак 12,5 кВт. генераторго алмаштырылган. Фрунзе горком ВКПнын токтому менен КирГЭС трест 1934-жылдан баштап Курулуштехникумунда жергиликтүү калкты кабыл алуу менен электр энергетикасы боюнча курстарды ачканга милдеттенме алышкан. |
1934-ж. |
7-январда Кыргыз АССР НККХнын №2/229 буйрук менен «Аламедин ГЭС» трести Фрунзе шаардык коммуналдык чарбасына өткөрүлүп берилип ал «мамлекеттик электр станцияларын иштетүү жана электр станцияларын куруу боюнча Фрунзе бирикмеси» болуп түзүлгөн. 25-июлда Киробкомдун Бюросу Фрунзе шаардык тармактарын 6,6 кВт чыңалууга өткөрүү жана диспетчердик кызматты түзүү боюнча токтом кабыл алган. Ушул дата республиканын энерготутумунун түзүлгөн күнү болуп калган. Чумыш плотинасынын темир бетон курулмасы бүткөрүлгөн, бул Кыргызстандагы биринчи ири гидротехникалык курулма болгон. Сүлүктү шаарында жаңы жылуулук электростанция кубаттуулугу 500 кВт түзгөн «Буккау - Вольф» фирмасынын эки дизелдик аппараты ишке киргизилген. Карабалта кант заводунун курулушунда 19 кВт. кубаттулуктагы чакан электрстанция ишке берилген, ал эми жыл аягында биринчи 3000 кВт кубаттуулук жана 525 чыңалуудагы жылуулук агрегат иштей баштаган. Беловодск районунун Карл Маркс, Нижне-Чуйский (10 кВт) жана жети-Өгүз (12 кВт) совхоздорунда электрстанциялар курулган. |
1935-ж. |
Рыбачы шаарында 50 кВт кубаттуулуктагы дизелдик электрстанциянын курулушу аяктаган. Чангыр-Таш кенинде 135 кВт кубаттуулуктагы дизелдик электрстанция иштей баштаган. Беловодск районунда Петровск совхозунда(30 кВт), Ново-Троицк (4 кВт) жана Тамчы (14 кВт) совхоздорунда электрстанциялар ишке берилген. 6-сентябрда Карабалта кант заводу 3150 кВт кубаттуулуктагы ЖЭБи менен ишке киргизилген. |
1936-ж. |
Кадамжай кенинде (320 кВт) жана Чангыр-Таш мунай өндүрүүсүндө (16 кВт) дизелдик электрстанциялар иштей баштаган. Кубаттуулугу 600 кВт түзгөн Ош-Карасуу ГЭСтин курулушу аяктаган. Чолпон-Ата (7 кВт), Покровка (24 кВт) жана Ноокат (11 кВт) айылдарында айылдык ГЭСтер курулган. Октябрь айында Ош жибек фабрикасында 188 кВт кубаттуулуктагы дизелдик агрегат ишке берилген. |
1937-ж. |
21-апрелде Кыргыз ССР Наркомхоздун токтому менен ФОГЭСтин базасында энергетикалык башкармалыкты түзүү сунушталган. Анын милдеттерине Кыргызстанда иштеп жаткан электрстанцияларды иштетүү жана шаар менен райондордо чакан электрстанциялардын долбоорун даярдоо. Август айында Ат-Башы ГЭСти куруу боюнча атайын Башкармалык түзүлгөн. Ош жибек фабрикасында электр станциянын кубаттуулугу жогорулап 284 кВт жеткен, ошондой эле Кара-Суу пахта тазалоочу заводдо кубаттуулук 522 кВт болуп жогорулаган. 5-16 июнда Кыргыз Компартиясынын I Сьезди болгон, анда үчүнчү беш жылдыкта Кыргызстанды индустриялык-агрардык өлкөгө жеткирүү боюнча резолюция кабыл алынган. Максатты ишке ашыруу жолу өнөржайды өнүктүрүү менен бирге республиканы электрлештирүү.
Таш-көмүр кенинде борбордук электрстанцияны куруу башталган, убактылуу 95 кВт кубаттуулуктагы электрстанция иштей баштаган. Үч-Коргон айылында (39 кВт), Беловодск (8 кВт), Көй-Мойнок, Арначар жана башка бир топ совхоздордо айылдык электрстанцилар курулган. Фрунзе дизелдик электрстанциянын экинчи кезеги курула баштаган, ал жакта дагы эки жылуулук агрегат жана 960 кВт кубаттуулуктагы эки генератор ишке берилген. Бул убакыт аралыгында республикада 75 электрстанция иштеп жаткан, анын 38 экинчи беш жылдыкта курулган. Бул станциялардын жалпы кубаттуулугу 13,5 миң кВт жетип, 31,6 млн кВт саат электрэнергиясы иштелип чыккан. Кыргыз ССР Наркомхоз алдында айылдык электрстанцияларды куруу боюнча атайын "Кирсельэлектро |
1938-ж. |
1-апрелде жаңы курулуп жаткан Ново-Троицк кант заводунда 115 кВт кубаттуулуктагы убактылуу дизелдик электрстанция ишке берилген. Жалал-Абад шаарында 18 жана 22 кВт кубаттуулуктагы чакан электрстанция иштей баштаган. Ат-Башынын жогорку айылдарында, Сокулук, Кочкор райондорунда электрстанциялар жана «Кызыл-Октябрь колхозунда ГЭС курула баштаган. Кадамжай сымап комбинаты Кувайсай ГРЭСи тарабынан 35 кВ чыңалуудагы узундугу 70 км болгон электр чубалгысы аркылуу электрэнергияны ала баштаган. Бул жылы республиканы электрлештирүү башталган 10-июнда Кыргыз ССР токтому менен «колхоз ГЭСтерин куруу планы» боюнча токтом кабыл алынган. “Кирсельэлектро” трести 16 ГЭСти кура баштаган. Программага Нокат районунда - Янги-Нокат 1, Янги-Нокат-2, ГЭС Муян жана Правда Карасуу районунда, ГЭС Гүлчө жана Суфи-Коргон Алай районунда чакан ГЭСтерди куруу программасы кабыл алынган. Иштерди Иминов Хаджи-Мураттын жетекчилиги алдында, Уревский Н.И., Соломатов В.Н., Тургунбаев Камал, Шадрин И.С., Клочков В.Р., Игамбердиев Каримжан инженер-техниктер жүргүзгөн. |
1939-ж. |
Таш-Көмүр кенинде борбордук электрстанцияны курууда биринчи кезектеги иштер аяктаган, ал жакта «Буккау-Вольф» фирмасынын 500 кВт кубаттуулуктагы дизель ишке берилген. Ак-Түз кенинде 240 кВт кубаттуулуктагы гидроэлектростанция ишке берилген. Фрунзе механикалык заводдо айылдык ГЭСтер үчүн гидротурбиналар чыга баштаган. 10 айылдык электрстанциялар курулган – "Шамси", "Сокулук", "Куланак", "Чет-Байсорун", "Теплоключенка", "Базар-Коргон", "Иссык-Ата" ж.б. |
1940-ж. |
16-мартта «Чоң Чүй каналын жана Орто-Токой суу сактагычын» куруу боюнча СССР СНК жана ЦК ВКП токтому кабыл алынган. 23-26-апрелде Орто-Токой суу сактагычын жана Чоң Чүй каналын куруу боюнча Башкармалык негизделген, ал Кыргыз ССРнин Совнаркомуна баш ийген. Фрунзе ДЭС 2де Коломенск заводунда даярдалган 825 л.с. жана 616 кВт кубаттуулуктагы эки генератор орнотулган. Сүлүктү ЦЭСте кубаттуулугу 500 кВт түзгөн «Буккау-Вольф» фирмасынын үчүнчү локомобиль орнотулган. Август айында Араван ГЭСте курулуш иштери башталган. «Кирсельэлектро» трести 5 айылдык гидроэлектростанцияны ишке берген - Ак-Жар -1 – 88 кВ, Кара-Балта – 84 кВ, Макачи - 1 - 34 кВ, Ноокат – 90 кВ, Саруу-Даркан – 105 кВ. |
1941-ж. |
Ош ГЭС 1де 55 кВт кубаттулуктагы генератор 84 кВт кубаттулуктагы генераторго алмаштырылган. Биринчи жолу республикада курулуп жаткан «Милянфан» ГЭСтен М.В.Фрунзе атындагы колхозго чейин жогорку чыңалуудагы чубалгы «эки чубалгы - жер» схемасы менен курула баштаган. 1-декабрда Хайдаркан кенинде 366 кВт кубаттуулуктагы дизелдик электростанция ишке берилген. 7 айылдык электрстанция ишке берилген - Тюрген - 36 кВт, Ырдак - 57.5 кВт, Куршаб - 84 кВт, Ак-Суу - 208 кВт,эксперименталдык ферма - 18 кВт. Республикада жалпы кубаттуулугу 19,6 миң кВт болгон электр станциялар курулган. Иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмү 51,6 млн. кВт. Түзгөн. Электрэнергиясын иштеп чыгууда Кыргызстан башка союздук республикалардан алда канча алдыга кеткен. |
1942-ж. |
15-февралда мамлекеттик комиссия АКтүз полиметаллдык комбинатынын курулушунда дизелдик электростанция ишке алынган ал 180 л.с жана 456, 448, 456 кВт кубаттуулуктагы үч генератор менен камсыздалган. 2-майда Фрунзе ДЭС 1де кубаттуулугу 400 л.с. жана 268 кВт кубаттуулуктагы «Поляр» үчүнчү дизел ишке киргизилген. 6-июнда СССР Совнаркому "Кыргыз ССРде Ворошилов (Лебединовка) гидроэлектрстанциясын куруу боюнча токтом кабыл алган. 20-июнда Лебединовка ГЭСти куруу иштери башталган. Ново-Троицк кант заводунда кубаттуулугу 2646 кВт болгон ТЭЦтин курулушу жыйынтыкталган. Сентябрь айында Кыргызстанда биринчи жогорку чыңалуудагы 35 кВт Кадамжай-Хайдаркен узундугу 70 км болгон электр чубалгысы ишке берилген. Декабрь айында В.И.Ленин (учурда БМЗ) заводунун алдында Фрунзе ЖЭБ 1те «Эрликон» кубаттуулугу 1000 кВт болгон гидроагрегат жана көмөк чордон 525/6300 В трансформатордук 1800 кВА кубаттуулугу менен трансформатор монтаждалып бүткөн. Декабрь айында Ысык-Көл районунда кубаттуулугу 84 кВт түзгөн «Григорьевка» ГЭС ишке берилген. Токмок кант заводунун ЖЭБнде 1000 кВт кубаттуулуктагы жана 525 В чыңалуудагы биринчи жылуулук |
Подробнее:
Кыргызстандын электр энергетикасынын өнүгүү тарыхы
1893-жылдан 1931-жылга чейин
1893-ж. |
Кара-Дарыя дарыясында суу ченегич орнотулган, гидроэнергетикалык ресурстар изилдене баштаган. |
1896-ж. |
Нарын дарыясында Үч-Коргон каналында суу ченегич орнотулган. |
1908-ж. |
Талас дарыясында Александровка айылынын жанында суу ченегич орнотулган. |
1909-ж. |
8-майда Сох дарыясында суу ченегич орнотулган. 6-сентябрда Чу дарыясында Ново-Георгивка айылынын жанында суу ченегич орнотулган. |
1910-ж. |
Россия Империясынын жерди пайдалануу Башкы башкармалыгы инженер В.А.Васильевдин жетекчилиги алдында Чу дарыясынын жер, суу жана энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча биринчи долбоорлук-иликтөөчү партия жөнөтүлгөн. |
1911-ж. |
Чүй өрөөнүнүн сугат схемасын долборлоо башталган. |
1912-ж. |
Кара-Балта жана Ысык-Ата дарыяларында гидрометриялык байкоолор башталган. |
1913-ж. |
Кыргызстанга жер кыртыштарын жакшыртуу бөлүмү тарабынан инженер И.Г.Александров жетектеген экспедиция жөнөтүлгөн. Бул топ Нарын дарыясынын жогору жагында суу сактагыч куруу, гидроэлектро энергиясын иштеп чыгуу боюнча техникалык кубаттулукту аныктоо болгон. Кызылкыя кенинде биринчи жылуулук электростанция курулган. “Танге” жана “Мантель” станциясында 245 л.с жана 121 кВт кубаттуулуктагы генератор онотулган. Ош шаарынын Яккалик эски шаарчанын районунда биринчи гидроэлектростанция ишке берилген. Инженер В.А. Васильев суу ресурстарын сугатта жана гидроэнергетикада пайдалануу боюнча комплекстик схеманы даярдаган. Бул схема боюнча 4000 л.с. кубаттуулуктагы Атбашы жана 35000 л.с. кубаттулуктагы Джеларгы ГЭС курула баштаган. Ош, Фрунзе, Пржевальск шаарларында жылуулук электрстанциялар курулган. |
1914-ж. |
Пишкек шаарында 16,5 кВт кубаттуулуктагы дизелдик электростанция ишке берилген. Каракол шаарында 7,5 кВт кубаттулуктагы дизелдик электростанция ишке берилген. Ош шаарында эски шаардын аймагында экинчи гидроэлектростанция курула баштаган. ГЭСте гидротурбина, 55 жана 10 кВт кубаттулуктагы эки генератор орнотулган. Инженер Кузнецов Нарын дарыясын Үчкоргон айылында изилдеп 50000 л.с кубаттуулуктагы ГЭС куруу боюнча долбоор түзүлгөн.
|
1915-ж. |
Кызылкыя жылуулук станция реконструкцияланган. Инженер В.А. Васильевдин жетекчилиги алдында Атбашы ГЭС курула баштаган. |
1916-ж. |
Атбашы каналында кичи Аламедин ГЭС куруу башталган. |
1918-ж. |
РСФСР Совнаркомунун декрети менен Түркестанда ирригациялык башкармалык түзүлгөн. Март айында Кызыл-Кыя кенинде электростанция улутташтырылган. |
1919-ж. |
1-январда Ош ГЭС улутташтырылган. |
1920-ж. |
21-февралда Россия электрлештирүү боюнча башкы план үстүндө Г.К. Ризенкампфом башында турган Туркестандык топ да иштеген. И.Г. Александров башкы инженер электрлештирүү башкы планына Кыргызстандагы дарыяларга ГЭСтерди куруу маселеси киргизген. 22-декабрда Бүткүл россиялык Кеңештин VIII сьездинде Атбашы, Үчкоргон, Желарык жана Сох ГЭСтерин куруу планын колдогон. Сүлүктү кенинде дизелдик электростанция - буу машинанын кубаттуулугу 142 кВт жана 76 кВт кубаттуулуктагы эки генератор менен ишке киргизилген. |
1921-ж. |
16-июнда Ош гидроэлектростанциялар коммуналдык чарбага башкарууга берилген. 1-сентябрда Туркестан экономикалык техникалык кеңеште Туркестан республикасын электрлештирүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Пржевальск шаарында кубаттуулугу 6 л.с жана 10 л.с кубаттуулуктагы эки генератору менен локомобиль алынып келинген. |
1922-ж. |
Жыл башында Туркестан Республикасынын ЦИК жана СНК Чу дарыясындагы курулуштар боюнча жумуштар Туркестан Республикасынын башкы суу чарбасына өткөрүп берүү каралган. |
1923-ж. |
Ноябрь айында КАО Революциялык Комитетинин жыйынында Пишпек шаарын электрлештирүү маселеси каралган. Кызыл-Кыя кенинде электр энергиясы көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн колдоно башташкан. |
1924-ж. |
Кирводхоз республикалык суу чарбасы түзүлгөн, ага Аламедин ГЭСти куруу милдети коюлган. (учурда ал кичи Аламедин ГЭС деп аталат) |
1925-ж. |
Пишпек шаарында июль айында «Прогресс» кинотеатры алдында кубаттуулугу 16 л.с. болгон дизелдик электростанция ишке берилген. Сентябрь айында «Интергельпо» кооперативинде «Брюно» кубаттулугу 12 кВт. болгон дизелдик тутуму менен электростанция ишке берилген. Ош ГЭС-1де 10 кВт экинчи генератор орнотулган. Жалал-Абад тегирменинде кубаттулугу 45 л.с жана 25 кВт кубаттулуктагы генератору менен «Атлас» дизелдик маркадагы электростанция ишке берилген. |
1926-ж. |
1-июнда Аламедин ГЭСте курулуш кайрадан башталган. Август айында Ош трест негизделген, курамына гидроэлектростанция кирген. 31-ноябрда Жалал-Абад трест курамына тегирмендин электрстанциясы киргизилген. Декабрь айында 26 кВт кубаттуулуктагы Карасуу жибек заводунда дизелдик электростанциянын курулушу аяктаган. Фрунзе шаардык электростанция Кирчарбатресттин курамына берилген. |
1927-ж. |
18-мартта "СредазЭКОСО" президиумунун Кызыл-Кыяда электрстанция куруу боюнча токтом кабыл алынган. Апрель айында Ош ГЭС-1де 55 кВт кубаттулуктагы үчүнчү гидроагрегат орнотулган. «Интергельпо» кооперативинде нооту фабрикасында 80 л.с генератордук токтун кубаттуулугу 50 кВт түзгөн генератордук дизел орнотулган. 10-майда «Аламедин ГЭС куруу боюнча» токтом кабыл алынган. 5-июлда Кыргыз АССРнин Совнаркому Аламедин ГЭС курулушун Наркомпромторгго өктөрүп берүү боюнча токтом кабыл алган. Ноябрь айында Фрунзе шаардык электростанцияда 35 л.с кубаттуулуктагы экинчи дизелдик агрегат орнотулган. |
1928-ж. |
15-майда ОШ ГЭС горсоветтин карамагына өткөн. Кызыл-Кыя кенинде толугу менен электростанция калыбына келтирилген. 18-ноябрда Кыргыз АССРнин Совнаркомунун чечими менен Фрунзе шаарында дизелдик электростанция куруу чечми кабыл алынган. Биринчи беш жылдыкта электирлештирүү боюнча план кабыл алынган. Ташкент шаарында САОГИДЭП И.Г. Александровдун жетекчилиги алдында Борбор Азияны электирлештирүү боюнча Башкы схеманы иштеп чыгууда өлкөнүн гидроресурстарын пайдалануу маселесине көңүл бурулган. 26-декабрда Аламедин ГЭСте 205 кВт кубаттулуктагы гидроагрегат ишке берилген. |
1929-ж. |
19-январда Кыргыз АССРнин Наркомпромторгдун буйругу менен Оро Азияны электрлештирүү боюнча план иштелип чыккан. 3-июлда өкмөттүк комиссия Аламедин ГЭСти ишке берилген. 26-августта 100 л.с кубаттулугу менен +згөн ГЭСти куруу боюнча чечим кабыл алынган. Жалал-Абад шаарында кубаттулугу 75 л.с жана кубаттулугу 35 кВт болгон жылуулук электростанция ишке берилген. Айыл жергесинде эки чакан гидроэлектростанция ишке берилген: Водно Кировское айылында 55 кВт кубаттулуктагы кыймылдаткычы жана 6 кВт кубаттулуктагы генератору менен, дагы Фрунзе районунун Уч-Коргон айылында 38 кВт кубаттулуктагы кыймылдаткычы жана 22,5 кВт кубаттулугу менен генератор. |
1930-ж. |
Январь айында Нарында 18 кВт кубаттуулуктагы жылуулук электростанция ишке берилген. 9-апрелде Фрунзе шаарында дизелдикэлектростанциянын пайдубалы түптөлгөн САОГИДЭП Орто Азия аймагын электирлештирүү башкы планы иштелип бүткөн, ага ылайык Нарын, Чаткал, Чу, АК-Буура, Кара-Дарыя дарыяларында гидроэлектрстанцияларды куруу каралган. Кызыл-Кыя, Сүлүктү кендеринде убактылуу буутурбиналык электростанциялардын курулушу аяктаган. Өзгөн районун Янги-Кевек айылында жана Ош районунун Кашгар-Кишлак айылында биринчи электростанциялар курулган. «Ыссык-Ата» жана «Жети Өгүз» курортторунда 7 жана 36 кВт кубаттулуктагы электростанциялар орнотулган жана Койсарада 18 кВт. |
1931-ж. |
1-апрелде Фрунзе ш. ДЭС_1 дизелдик электростанция ишке берилген, анда эки дизелдик «Ман» тутут орнотулган, кубаттулуктары 232 кВт түзгөн. 13,2 кВ чыңалуудагы узундугу 1 км болгон жогорку чыңалуудагы электр чубалгы ишке берилген, ал Аламедин ГЭС менен Фрунзе ДЭС-1ди паралледдик иштегенге бириккен. 2-июлда ССР ВСН №456 жжана 25-июлдагы СССр СТОнун №856 токтому менен Фрунзе шаарында экинчи дизелдик станция (ДЭС-2) куруу чечими кабыл алынып, ушул эле айда курулуш иштери старт алган. Пржевальск шаарында сыразаводдо 45 л.с кубаттулуктагы гидроэлектростанция ишке берилген. Канттагы кант заводу жергиликтүү ЖЭБте 750 кВт кубаттуулуктагы 525 В чыңалуудагы биринчи жылуулук агрегат ишке берилге.. Талас областынын Дмитриевка айылындагы комбинатта 60 кВТ кубаттулуктагы электростанция ишке берилген. Декабрь айында Ош ГЭС-1де 25 кВт кубаттулуктагы төртүнчү генератор орнотулган. |
Подробнее:
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)