05. 07. 2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өтөөрүн билдирет
Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу 2022-жылдын 27-июлунда саат 14:00 дө Бишкек ш. Жибек Жолу к., 326 дареги боюнча болуп өтөт.
Өткөрүү ыкмасы-ачык.
Күн тартиби:
1.Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү.
2.«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына "Түндүкэлектр" ААКсынын кошулу жөнүндөгү келишимин бекитүү;
3.«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына "Чыгышэлектр" ААКсынын кошулу жөнүндөгү келишимин бекитүү;
4.«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына "Ошэлектр" ААКсынын кошулу жөнүндөгү келишимин бекитүү;
5.«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсына "Жалалабатэлектр" ААКсынын кошулу жөнүндөгү келишимин бекитүү;
6.Жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүү жана коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө.
7.«Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр» ААК, «Ошэлектр» ААК жана «Жалалабатэлектр» ААК акционерлеринин арасында Коом тарабынан кошумча чыгарылган жөнөкөй аталыштагы акцияларды жеке жайгаштыруу жөнүндө.
8.Коомдун филиалдарын түзүү жөнүндө.
9.Коомдун Уставын жаңы редакцияда бекитүү.
10.Ишкананы Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарында жана башка мамлекеттик органдарда кайра каттоо жөнүндө.
11.Коомдун Директорлор кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү.
12.Коомдун Башкы дирекциясы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү.
13.Коомдун текшерүү комиссиясы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү.
14.«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
15.«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
16.«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
17.«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
Акционерлерди катто убактысы: 13:00дөн 14:00гө чейин.
Акционерлердин тизмесин түзүү күнү - 2022 жылдын 1-июлу.
Чогулуштун материалдары жана Акционердик коомдор тууралуу төмөнкү дарек боюнча сурап-билүүгө болот: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү, 326. Маалымат үчүн телефондор: 0 (312) 98 88 22, кошумча сандар 4445
Поделиться в социальных сетях