Нарын электр тармактар ишканасы
Директор: Абылгазиев Атабек Абылгазиевич
722915, Нарын ш., Ленин көч., 18
Тел/факс (03522) 5-12-73
Маалымат жаңыланат. Нарын электр тармактары ишканасы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын түзүмдүк бөлүмү.
Нарын электр тармактар ишканасы 250 миң кВА кубаттуулуктагы 220/110/10 кВ бир подстанция, 275,285 миң кВА 110/35/10 кВ 16 подстанция жана узундугу 927,7 км түзгөн 110кВ, 145,09 км 220 кВ жана 205,64 км 500 кВ аба чубалгыларын тейлейт.
Нарын областынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен «Ысык-Көл-Кочкор» 110кВ, «Урумбаш-Жетиген» 110 кВ, «Кемин-Ак-Кыя» 220 кВ аба чубалгылары жана 40 МВт кубаттулуктагы Ат-Башы ГЭСи камсыздайт.
Ишкана жалпысынан борборлоштурулган 54,6 миң кв. метрлик аймактагы электр тармактарын тейлейт.
Ишкананын базасы Нарын шаарында деңиз деңгээлине 2070 метр бийиктикте жайгашкан.
|