«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому – электр станцияларында өндүрүлгөн электр энергиясын турак жай, ири өнөр жай жана башка керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ташуучу жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компания. Ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Кыргызстандын улуттук энергетикалык тутумунун борборлоштурулган ыкчам-диспетчердик башкаруусун жүзөгө ашыруучу тутумдук оператор болуп саналат.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2001-жылдын 25-декабрында «Кыргызэнерго» ААКты кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн. 2022-жылы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ошэлектро» жана «Жалалабадэлектро» төрт бөлүштүрүүчү компания бириктирилген.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын төмөнкү филиалдары бар:
Поделиться в социальных сетях