23/09/2016 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү
23/09/2016 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктайбыз!
Быйыл байыркы кыргыз эли үчүн эне тили болгон кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болгондугуна 27 жыл болду.
Тил баарлашуунун, коммуникациянын каражаты болуп, ошондой эле кыргыз элин бириктирүүгө жөндөмдүү күчтүү курал боло алат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар бир жаранынын милдети – элдин консолидациясынын эң маанилүү фактору болгон мамлекеттик тилди билүү болуп саналат.
Мамлекеттик тилди баардык чөйрөлөрдө жигердүү пайдалануу менен аны өнүктүрүү – биздин негизги максатыбыз. Заманбап тилибизге биздин көрүнүктүү изибизди кошуп, мурас катары муундарга калтырууга тийишбиз. Бул милдетти ар бир өзүн сыйлаган адам өз алдынча чечүүсү керек.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили боюнча кыргыз тилин сактап калуу, коргоо – бул кыргыздар үчүн улуттук, кыргызстандыктар үчүн жарандык парз.
Биздин тил – биздин сыймыгыбыз!
Поделиться в социальных сетях