КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2002-жылдын 21-январы N 7
Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө
(КР 2007-жылдын 30-июлундагы N 100 Мыйзамынын, 2008-жылдын 23-майындагы N 95 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскады жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиялары (мындан ары - жогорку вольттуу электр берүү линиялары) Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык олуттуу мааниге ээ. Ушул Мыйзам Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана жогорку вольттуу электр берүү линияларынын базасында түзүлгөн акционердик коомдордун өзгөчө статусу болгондо иштөөнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
1-статья. Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольтуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө", "Энергияны үнөмдөө жөнүндө", "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизденет.
2-статья. Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын базасында түзүлгөн акционердик коом
Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын, Ат-Башы ГЭСинин, курулуп жаткан ГЭСтер ишканасынын, Бишкек шаарынын ЖЭБсынын жана Ош шаарынын ЖЭБсынын базасында акциялардын 93,72 пайыз өлчөмүн мамлекеттик менчикте кармоо менен "Электр станциялары" акционердик коому түзүлөт.
Акциялардын мамлекетке таандык болгон 93,72 пайыз өлчөмүндөгү үлүшү сатылышы, күрөөгө коюлушу, Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын тындыруунун эсебине алмаштырылышы, кимге гана болбосун ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилиши, ошондой эле жаңы акцияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Бул акционердик коомдун мүлкү, курулуп жаткан ГЭСтердин ишканаларынын курамына кирген, 1 жана 2-Камбарата ГЭС, Бишкек шаарынын ЖЭБунун бүтпөгөн курулуштарын кошпогондо, ошондой эле электр энергиясын иштеп чыгууга жана берүүгө тикелей катышпаган же эскиргендигине же техникалык авариянын жана табигый кырсыктардын натыйжасында жараксыз болуп калган мүлк кыйыр түрдө ажыратууну кошуп алганда, ар кандай ээликтен ажыратылууга тийиш эмес.
1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамы менен аныкталат.
Бишкек шаарындагы ЖЭБнын ажыратылышы мүмкүн. Мында Бишкек шаарынын ЖЭБсын ажыратуудан кийин электр жана жылуулук энергиясына тарифтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен белгиленет.
(КР 2007-жылдын 30-июлундагы N 100 Мыйзамынын, 2008-жылдын 23-майындагы N 95 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Жогорку вольттуу электр берүү линияларынын базасында түзүлгөн акционердик коом
Бардык кичи станциялары менен чыңалуусу 110 кВ жана андан жогору болгон жогорку вольттуу электр берүү линияларынын базасында акционердик коом "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" акциялардын 93,72 пайыз өлчөмүн мамлекеттин менчигинде кармоо менен түзүлөт.
Акциялардын мамлекетке таандык болгон 93,72 пайыз өлчөмүндөгү үлүшү сатылышы, күрөөгө коюлушу, Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын тындыруунун эсебине алмаштырылышы, кимге гана болбосун ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилиши, ошондой эле жаңы акцияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Бул акционердик коомдун мүлкү, кыйыр түрдө ажыратууну кошуп алганда, электр энергиясын берүү процессине тикелей катышпаган же эскиргендигинин же техникалык авариянын жана табигый кырсыктардын натыйжасында жараксыз болуп калган мүлктү кошпогондо, ар кандай ээликтен ажыратылууга тийиш эмес.
(КР 2008-жылдын 23-майындагы N 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Ушул Мыйзамдын артыкчылыгы
Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана жогорку вольттуу электр берүү линияларынын базасында түзүлгөн акционердик коомдорго карата алганда акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгү колдонулат.
5-статья. Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана жогорку вольттуу электр берүү линияларынын базасында түзүлгөн акционердик коомдорго карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана жогорку вольттуу электр берүү линияларынын базасында түзүлгөн акционердик коомдорго карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:
- Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана жогорку вольттуу электр берүү линияларынын дареметин туруктуу өнүктүрүү жана натыйжалуу пайдалануунун артыкчылыгы;
- Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадын жана жогорку вольттуу электр берүү линияларын пайдалануунун социалдык, энергия жана жаратылыш коргоого багытталгандыгы;
- Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана жогорку вольттуу электр берүү линияларынын базасында түзүлгөн акционердик коомдорго мамлекеттик уюштуруучулук-укуктук колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик экономикалык дем берүү болуп эсептелет.
6-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын жоболорун бузууда күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын жана чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А. Акаев |
|
|
|
2001-жылдын 28-декабрында |
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)