КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2008-жылдын 23-майы N 94
Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө
(КР 2011-жылдын 23-июлундагы N 125, 2017-жылдын 18-мартындагы N 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук (коомдук) коопсуздугун камсыз кылуу максатында стратегиялык объектилерди аныктоонун жана жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт.
1-берене.
2-берене.
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү пайдаланган мүлк, анын ичинде аскердик техникалар жана жабдыктар; курал-жарак чыгаруучу жана сыноочу ишканалар;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары пайдаланган имараттар жана жайлар;
3) гидрометеорологиялык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик кызматтар пайдаланган мүлк;
4) магистралдык темир жол тармактары;
5) магистралдык газ түтүктөрү;
6) улуттук электр тармагы;
7) "Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу Токтогул гидроэлектрстанциялар каскадын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиясын кошпогондо гидро- жана жылуулук электр станциялары;
8) бөлүштүрүүчү газ-, жылуулук- жана электр тармактары;
9) магистралдык байланыш линиялары;
10) улуттук телерадиоберүү корпорациясы;
11) телеберүүнүн жана радиоуктуруунун радиорелелик магистралдарынын республикалык өндүрүштүк бирикмеси;
12) улуттук почта тармагы;
13) аэропорттор, анын ичинде эл аралык аэропорттор, ошондой эле аба кыймылын башкаруу тутумунун аэронавигациялык жабдыктары;
14) автовокзалдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору;
15) жер казнасы, токой фонду, улуттук статуска ээ болгон токой чарба объектилери, коруктар, заказниктер, жаратылыш парктары, өзгөчө биосфералык аймактар;
16) суу комплексинин жана суу чарба курулмаларынын объектилери, анын ичинде мөңгүлөр, табигый көлдөр, суулар, гидротехникалык курулмалар, суу сактагычтардын коллекторлору, суу топтоочу жайлар жана суу сордуруу станциялары;
17) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын улуттук статуска ээ болгон объектилери;
18) кен-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын сактоочу жайлар;
19) радиоактивдүү материалдарды кайра иштетүүчү өнөржай ишканалары;
20) тарыхый-маданий мурастын объектилери.
Стратегиялык объектилерге, ошондой эле мамлекет үчүн стратегиялык мааниси бар ишканалар да киргизилиши мүмкүн.
(КР 2011-жылдын 23-июлундагы N 125, 2017-жылдын 18-мартындагы N 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы N 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталган атайын талаптарды белгилейт.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-февралындагы N 56 "Стратегиялык объектилердин иштөө жана эксплуатациялоо режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Президенти улуттук мүдөөлөрдү коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн пайдалануу менен, стратегиялык объектилерди кайтарууга алуунун жана алардын иш-аракетин камсыздоонун өзгөчө режимин киргизүүгө укуктуу.
4-берене.
Менчиктин муниципалдык, жеке менчик жана башка формаларында турган стратегиялык объектини менчик ээси сатууга ниеттенсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү стратегиялык объектини Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуу үчүн артыкчылыктуу укукка ээ.
Магистралдык темир жолдорду, магистралдык газ түтүктөрүн, улуттук электр берүү тармагын, гидроэлектр станцияларды (Нарын гидроэлектр станцияларынын каскадын) менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан бекитилүүчү программаларга ылайык жүзөгө ашырылат.
5-берене.
"Эркин Тоо" газетасынын 2008-жылдын 30-майында N 38 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
К.Бакиев |
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)