28/08/2017 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта, Чүй облусунун Кемин районунда өткөрүлгөн «Датка-Кемин» 500 кВ электрлиниясынын жана «Кемин» 500 кВ көмөк чордонунун ачылыш салтанатына катышты.
Иш-чаранын башталышында Мамлекет башчысы «Кемин» 500 кВ көмөк чордонунун жалпы көмөк чордонду башкаруу пульту менен таанышып чыкты.
«Бүгүн биз тарыхый окуяга күбө болуп олтурабыз. Бүгүнкү окуянын түпкү маңызын ушул жерде турган энергетиктер жакшы түшүнүп жатат. Бүгүн биз Кыргызстан накта энергетикалык көзкарандысыздыкка ээ болду деп айтсак болот. Билесиздер, бул күнгө чейин өзүбүз өндүргөн электроэнергияны биз Токтогулдан Өзбекстан аркылуу алчубуз. Алганда да миллиондогон долларды транзит үчүн төлөчүбүз. Эми энергетикадагы биздин негизги максат: электрөндүрүүчү кубаттулуктарды кескин көбөйтүп, өлкөнү толук бойдон өзүбүздүн электрэнергиябыз менен камсыз кылуу. Бул проблеманы чечүү үчүн биз келе жаткан эки жылдын ичинде Камбар-Ата-2 ГЭСин толук бойдон ишке киргизип, Жогорку-Нарын каскадынын биринчи ГЭСин салып бүтүрүшүбүз керек», - деди президент.
Мамлекет башчысы өлкөбүздүн толук кандуу эгемендүүлүгү үчүн дагы бир чоң кадам жасалгандыгын айтты. «Датка - Кемин» электр берүү линиясынын курулушу бүтүп, элибизди көп жылдардан бери кыжаалат кылып келген маселе чечилди»,- деп баса белгиледи А.Атамбаев.
Ал «Датка - Кемин» долбоорун ишке ашырган энергетиктерге мамлекеттик сыйлыктарды берүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди.
http://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/6514_prezident_almazbek_atambaev_kyirgyizstandyin_ozunun_energetikalyik_alkakchasyi_tuzuldu__emi_al_olkonun_energetikalyik_koz_karandyisyizdyigyin_jana_koopsuzdugun_kamsyiz_kyilat/
Поделиться в социальных сетях