20/01/2016 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-январда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өткөн салтанаттуу аземде «Датка - Кемин» долбоорун ийгиликтүү бүтүрүүгө салымын кошкон Кыргызстандын энергетиктери менен кытайлык өнөктөштөргө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Мамлекет башчысы III даражадагы «Манас» орденин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК башкы директору Медетбек Айткуловго, «Даңк» медалын «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК филиалы – Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасынын аба линиялары кызматынын электр монтеру Казыбек Көбөнбаевге жана «ТВЕА» компаниясынын президенти - директорлор кеңешинин төрагасы Жан Синге тапшырды.
Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин мурдагы орун басары Айбек Калиев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК филиалы – Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасынын көмөк чордон кызматтарынын «Кемин» 500 кВ көмөк чордонунун башчысы Оттукбек Калиев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК долбоорлорду ишке ашыруу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК филиалы - Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармагы ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн техникалык көзөмөлүнүн жетектөөчү инженери Руслан Шерматов жана «ТВЕА» компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Мусажан Макелек алды.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын өз «энергетикалык шакекчесин» түзүү менен өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга жол ачкан «Датка-Кемин» долбоорунун маанисин баса белгиледи.
Поделиться в социальных сетях