18/05/2015 Депутаттар тобу «Датка – Кемин» жогорку чыңалуудагы электр чубалгысынын жана «Кемин» электр көмөкчү чордонунун курулушу менен таанышты
Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу Эл аралык иштер боюнча комитеттин эки күндүк көчмө жыйынынын алкагындагы ишин «Датка – Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч чубалгыларын тартуу жүрүшү жана “Кемин” көмөкчү электр чордонунун курулушу менен таанышуудан баштады.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев Кыргызстандын бүткүл түндүк аймагын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кыла турган «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч чубалгыларынын тартылышы жана “Кемин” көмөкчү электр чордонунун курулушу өлкөнүн энергикалык жактан коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталганын баса белгиледи. “Кемин” жогорку чыңалуудагы көмөкчү электр чордону электр кубатын коңшу өлкөлөргө экспорттоого да мүмкүндүк берет. Демек, биз үчүн анын мааниси зор”, - дейт ал.
“Кыргызстан улуттук электр станциялары” АККсынын башкы директору Медетбек Айткуловдунайтымында, ушу тапта узундугу 405 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч чубалгыларын тартуу иштеринин 95 пайыздан ашыгы аткарылып, азыр тоо кыркаларын ашып өткөн эң татаал участкалары калды. Ал толугу менен ушул жылдын август айында аяктап, Эгемендик күнүнө карата ишке киргизилүүгө тийиш. “Электр көмөкчү чордонуна жанаша цемент заводу да курулууда. Анын терс таасири тийиши мүмкүн. Өкмөттүк комиссия өз корутундусун тездетип чыгарып берсе жакшы болот эле дейт”,- ал.
Андан сырткары, «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч чубалгыларынын тартылышы жана “Кемин” көмөкчү электр чордонунун курулушу акыркы 20 жыл аралыгындагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири экени белгилүү болду. Бул долбоорду ишке ашыруу багытында Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан 389,8 млн доллар көлөмүндө жеңилдетилген насыя каражаты алынган.
Депутаттар тарабынан курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, насыялык каражатты сарамжалдуу пайдалануу, алдынала белгиленген графиктен кеч калбоо зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин көчмө жыйынынын ишине депутаттар Каныбек Иманалиев, Жылдызкан Жолдошова, Таалай Ибраев, Болот Сулайманкуловкатышууда.
Булак: Маалымат KG
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта