28.12.2017 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда модернизацияланган диспетчердик пункттун ачылышы болду
Бүгүн, 2017-жылдын 28-декабрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда модернизацияланган диспетчердик пункттун ачылышы болду. Ага Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын төрагасы Айбек Калиев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Медетбек Айткулов, «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Узак Кыдырбаев катышты.
Биринчи жолу республикада «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын диспетчердик пунктунда учурдагы заманбап диспетчердик пунктардын бардык талаптарына жооп берген, өнүккөн мамлекеттер энергетика тармагында кеңири пайдаланып жаткан 3х7 метр болгон проекциялык видеокубдар орнотулган. Бул мониторлордо Кыргызстандын реалдуу убакыттагы энерготутумунун параметрлери көрсөтүлүп турат.
Борбордук диспетчердик пунктунун модернизациялоосу «Энергетика секторун өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Долбоордун алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен анын колдонуучулары ортосундагы интерфейстик пунктарында маалыматтарды эсептөө жана контролдоо автоматташтырылган тутуму (АСКЭУ) орнотулган. Ага ылайык «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын бардык көмөк чордондорунда бир интерфейси менен 200 эсептегич жана эки интерфейси менен 800 эсептегичти орнотуу иштери аяктап жатат.
Ошондой эле SCADA тутумунун базалык функциялары орнотулган, ал реалдуу убакытта ыкчам маалыматтарды топтоого, аларды иштеп чыгууга, жана архивдөөгө багытталган. Узундугу 523 км болгон SCADA була-оптикалык кабели «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Карагачевая, Главная, Чүй, Фрунзенская, Кара-Балта, Быстровка Ала-Арча, Парковая, Бишкек ТЭЦ көмөк чордондордон Чүй ЖЧЭТИне 220-110 кВ аба чубалгыларынын тегереги менен тартылган.
|
|
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта