01.01.2018 Кыргызстан энергетика тутумунда электр энергиясын керектөөсү 2017-жылдын декабрь айында 1 807 758 млрд. кВтс. түздү
«КУЭТ» ААКнын борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык 2017-жылдын декабрь айында Кыргызстан энергетика тутумунда электр энергиясын керектөөсү 1 807 758 млрд. кВтс. түздү.
Майрам күндөрү электр энергиясын кректөө деңгээли жогорулаган жок, 31-декабрь күнү электр энергиясын керектөөсү ченемдик көрсөткүчтө болуп – 56 658 млн кВтс. түздү.
Бүгүнкү күндө, макулдашылган графикке ылайык республиканын энергетикалык тутуму нормалдык режимде иштөөдө. Кыргызстан улуттук электр тармагы боюнча штаттык эмес жагдай катталган жок.
Бул күндөрү, энергетиктер күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү иштешүүдө. Компаниянын жетекчилиги, жоопкерчиликтүү түзүмдөрдүн жетекчилери да кезметке чыгуу менен иш алып барууда. Күтүлбөгөн жагдай боло турган болсо мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн бардык шарттар каралган.
Поделиться в социальных сетях