20.02.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалында маалыматтарды топтоо, диспетчердик контролдоо тутуму ишке киргизилди
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалында маалыматтарды топтоо, диспетчердик контролдоо тутуму (SCADA - Supervisory Control And Data Acquisition - Система диспетчерского управления и сбора данных) ишке киргизилди.
SCADA тутуму жогорку коопсуздукту - маалыматтардын иштелип чыгышынын ылдамдыгын, маалыматтардын сактыгын жана коопсуздугун камсыздайт. Энергетика тутумунун учурдагы абалы реалдуу убакытта видеокубдарда көрсөтүлүп турат. Ал компьютердикинен эч айырмасы жок жөнөкөй интерфейске ээ. Диспетчердик пунктан энергетика тутумунун жалпы картасы көрсөтүлгүп турат, ошондой эле ордунда компьютер аркылуу көмөк чордондогу абалды тескөөгө болот. Көмөк чордондордо штаттык эмес кырдаал түзүлсө экранда дароо билдирүү жанып, диспетчерге маалымат келип түшөт.
Маалыматтарды топтоо, алмашуу оптика-булалуу байланыш линиялары аркылуу мультиплексияланган түзмөктөр менен ишке ашырылат. SCADA тутумундагы маалыматтар серверлерде сакталат жана иштелип чыгат.
Бүгүнкү күндө, серверге маалыматтар Чүй облусундагы сегиз көмөк чордондон келип түшүүдө - Фрунзенская, Ала-Арча, Быстровка, Чүй, Главная, Кара-Балта, Карагачевая, Парковая. Бул көмөк чордондордогу маалыматтар диспетчердик калканда көрсөтүлүп турат.
Эскерте кетсек: SCADA тутумунун базалык функциялары «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук диспетчердик пунктунда жайгаштырылган.
Маалымат үчүн: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын балансында 53 көмөк чордон жана узундугу 1742,47 км болгон жогорку чыңалуудагы чубалгылар бар. Филиалдын ыкчам-диспетчердик кызматында 32 адам эмгектенип, 24 саат бою Чүй жана Бишкектеги жогорку чыңалуудагы чубалгыларды башкарышат. Ошондой эле Чүй филиалы мамлекеттер аралык жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгыларын да тейлейт.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта