27.02.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому Борбордук бухгалтериясынын башкы бухгалтери кызматына ачык сынак жарыялайт
Сынакка катышуу үчүн документтер «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун кадрлар боюнча тобуна 2018-жылдын 12-марты саат 17:00гө чейин көктөмөгө топтолуп, төмөнкү дарек боюнча: Бишкек шаары, Жибек–Жолу проспекти 326, 215-каб. берилүүгө тийиш, тел. 661027.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди берүү талап кылынат:
- жеке арызы;
- резюме (сүрөтү менен);
- зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө);
- паспорттун көчүрмөсү же ким экендигин тастыктаган документи (паспорттун түп нускасы же инсандыгын ырастоочу документи сынакка келгенде көрсөтүлөт);
- сунуштоолор;
- ИИМдин Маалымат борборунан соттолбогондугу тууралуу маалым кат (берилген мөөнөтү 6 айдан ашык эмес).
Анкеталык маалыматтары көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген талапкерлер сынакка катыша албайт.
Квалификационные требования на вакантную должность главного бухгалтера центральной бухгалтерии ОАО «НЭС Кыргызстана»
Поделиться в социальных сетях