07.03.2018 Жарык ыроологондор! Энергетикадагы айымдар!
Энергетика тармагы бул мырзаларга тийиштүү кесип деп билебиз, бирок энергетика багытында ийгилик жаратып келген айымдар да жок эмес.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунда эмгектенип калкты үзгүлтүксүз электрэнергия менен камсыздап, мырзалар менен тең тайлашып кызматта адискөй айымдар, үйдө сүйүктүү жар, эне болуп кала беришет.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын техникалык коопсуздук кызматынын жетекчиси Дамира Усеинова.
Кесипти тандоодо мен адашкан жокмун.
Энергетиктер өз ара тамашалашат: «Биз эки ирет гана адашабыз деп бири кесипти тандоодо, экинчиси техникалык коопсуздукту сактабаганда, үчүнчү тандоо жок».
Ток, электрэнергия – көзгө көрүнбөгөн нерсе, коопсуздукту сактабасак жашоого коркунуч алып келет. Энергетиктердин башкы урааны: «Техникалык коопсуздукту кынтыксыз сактоо».
Кулжан Диканбаева, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын эксплуатация жана оңдоо кызматынын башкы инженери.
Кыргызстанда жогорку чыңалуудагы электр линиялар тоо-ашуулар аркылуу дениз денгээлинен 3 миң 500 метр бийиктикте өтөт. Мындай жерлерге биз тикучак менен барып, белгилүү бир деңгээлде тикучактан секирип түшүп калыш керек, кыш мезгили болсо карга чөгүп кетебиз. Андан ары жөө барып бузулган жерлерди оңдоп-түзөйбүз.
Ырысбубу Тентимишева «Кыргызстан улутттук электр тармагы» ААКнын Талас филиалынын оңдоо өндүрүш-техникалык кызматынын башкы инженери.
Мектепти аяктагандан соң физикадан берген мугалимим энергетикалык факультетке тапшыруу боюнча кеңешин берген. Аны туура кабыл алып 35 жылдан бери энергетика тармагында эмгектенип келемин. Өндүрүштө ар кандай учурлар болот. Жаратылыш шарттарына карабай кышы-жайы дебей өз милдетибизди аткарабыз. Бир жолу катаал жаратылыш шартында иштедик, балдар үшүп калышты, ошондо подстанцияда шорпо бышырып, ысык чайын берип эне, эже катары камкордугумду көрсөткөмүн. Алдыга коюлган иштер өз убагында аткарылып, калкка электрэнергиясы үзгүлтүксүз берилди.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта