14.04.2018 «Таза жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында өткөн республикалык ишембиликке «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Борбордук аппаратынын жана филиалдарынын кызматкерлери активдүү катышышты (фоторепортаж)
Бүгүн 2018-жылдын 14-апрелинде «Таза жашоо» кампаниясынын алкагында «Бирге таза Кыргызстан үчүн» ураан алдында республикалык ишембилик өттү. Ага «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Борбордук аппаратынын жана филиалдарынын кызматкерлери активдүү катышышты. Башкы максаттардын бири айланабызды тазалыкта кармоо жана жашылдандыруу, айлана-чөйрөнүн булганышына коомчулуктун көңүлүн буруу.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Орозбеков, Жибек-Жолу, Фрунзе көчөлөрүн жээктей жайгашкан арыктарды тазалашты, дарактардын түптөрүн акташты, таштандыларды алып чыгышты. Ошондой эле, админстративдик имараттын терек четин ирээтке келтиришти.
Ал эми филиалдар административдик имараттарынын, подстанциялардын жана жергиликтүү бийлик тарабынан бөлүнгөн аймактарды тазалашты.
Поделиться в социальных сетях