24.04.2018 Аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери күчөтүлгөн даярдыкка өттү
Аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери күчөтүлгөн даярдыкка өттү. Компаниянын жетекчилиги нөөмөткө чыгып, атайын бригадалар уюштурулду.
Жабдуулардын иши көзөмөлгө алынып, оперативдик-диспетчердик пунктту күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Штаттык эмес кырдаал түзүлө турган болсо электр энергияны калыбына келтирүү схемасы иштелип чыккан.
2018-жылдын 24-апрелинде саат 19-44тө Парковая-2 110 кВ АЧ электрэнергия өчүп, автоматтык түрдө күйгүзүлгөн. 2018-жылдын 24 апрелинде саат 21-00гө карата Кыргызстан улуттук электр тармагынын аба чубалгылары боюнча өчүүлөр катталган жок.
Поделиться в социальных сетях