15.08.2018 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК коопсуздук боюнча чара көрүү адиси/эколог жана Социалдык коргоо боюнча чара көрүү адиси кызмат орундарына кайрадан конкурс жарыялайт
Мульти донордук трасттык Грантты ишке ашыруу алкагында регионалдык соода-сатык демилгелери боюнча Долбооруна консультативдик колдоо көрсөтүүдө, “Кыргызстан УЭТ” ААК
Грант No. TF0А4614
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК коопсуздук боюнча чара көрүү адиси/эколог жана социалдык коргоо боюнча чара көрүү адиси кызмат орундарына кайрадан конкурс жарыялайт
Коопсуздук боюнча чара көрүү адиси/эколог кызмат ордуна, талапкерлерге коюлуучу минималдуу талаптар:
- айлана-чөйрө тууралуу илимдер тармактарында жогорку билим же ага байланыштуу тармактарда инженердик билим;
- Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы мыйзамдарды билүү жана Дүйнөлүк банктын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча саясатын билүү;
- айлана чөйрөнү коргоо тармагында/же экологиялык баа берүү тармагында 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- электр берүү чубалгылары тармагында курулуш иштерин жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана техниканын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш тажрыйбасы;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жана/же экологияга тийгизген таасирин баалоо боюнча иш-кагаздарын иштеп чыгуу тажрыйбасы;
- баа берүүнүн жол-жобосун колдонуу жана айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы;
- зыяндуу заттарды утилизациялоо тажрыйбасы;
- коргоо чаралары боюнча Дүйнөлүк банктын жана эл аралык каржы институттарынын (ЭКИ) саясатын колдонуу тажрыйбасы;
- орус тилин билүү, англис тилин иш жүзүндө билүү артыкчылык болуп эсептелинет;
- компьютердик сабаттуулук;
- коммуникативдик, презентациялык жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;
- иш тажрыйбасында аталган талаптардын болушу артыкчылык болуп эсептелинет;
Социалдык коргоо боюнча чара көрүү адиси кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу минималдуу талаптар:
- социалдык илим, социология, антропология, экономика, география, өнүгүүнү пландоо тармагындагы жогорку билим (магистр даражасы) жана ушул тармактар менен тыгыз байланышкан социалдык өнүгүү маселелери боюнча / Кыргыз Республикасында коргоо боюнча чара көрүү, калкты көчүрүүнү пландоо, кызыгуучу тараптарга долбоорлорду консультациялоо менен донордук каржылоону ишке ашыру боюнча эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- жогоруда аталган тармактарда жогорку билим (бакалавр даражасы) жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча / Кыргыз Республикасында коргоо боюнча чара көрүү, калкты көчүрүүнү пландоо, кызыгуучу тараптарга долбоорлорду консультациялоо менен донордук каржылоону ишке ашыруу боюнча 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы;
- Улуттук Мыйзамдарды жана жерди сатып алуунун тийиштүү эрежелерин билүү, курулуштарга таасирин тийгизген экспроприациялоонун жол-жобосун, ошондой эле өлкөнүн жалпы экономикалык саясатын билүү;
- орус тилин билүү, англис тилин иш жүзүндө билүү артыкчылык болуп эсептелинет;
- компьютердик сабаттуулук;
- Дүйнөлүк банктын коргоо чараларын, экологиялык саясатын колдонуу боюнча жана жергиликтүү коомчулук менен иш алпаруу боюнча тастыкталган иш тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык жана экологиялык кырдаалды билүү (энергетика тармагындагы долбоорлорду билүү артыкчылык болуп эсептелинет);
- коммуникативдик, презентациялык жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;
- иш тажрыйбасында аталган талаптардын болушу артыкчылык болуп эсептелинет;
Конкурска катышуу үчүн 2018-жылдын 29-августу саат 18.00 чейин табыштама берилиши зарыл (коштомо кат, орус жана англис тилдеринде резюме, байланыш телефондорун көрсөтүү менен).
Кыргыз Республикасы
720070, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 326
тел./факс:+996 (312) 66-11-05
е-mail: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Поделиться в социальных сетях