04.12.2018 Кыргызстанда биринчи жолу студенттер арасында инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча республикалык чемпионат өтүүдө
Кыргызстанда биринчи жолу студенттер арасында инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча республикалык чемпионат өтүүдө. Иш чараны «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети уюштурууда.
Чемпионаттын тандоо туру ушул жылдын 30-ноябрында старт алган, ага республикадагы жогорку окуу жайлардан сегиз команда катышкан – И.Разаков атындагы КМТУ, Нааматов атындагы Нарын университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Кыргыз Россия Славян университети. Аймактардагы командалар он-лайн режим аркылуу түз эфирде тандоо туруна катышышты.
Командаларга алдын ала тапшырмалардын-кейси таратылган – берилген тапшырмалар өндүрүштүк практикадан алынган.
Чемпионаттын негизги максаты жогорку окуу жайлардын студенттери менен республикадагы энергетикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн бир аянтчада жолугушуусу. Чыныгы өндүрүштө кезиге турган тапшырмаларды аткаруу, теорияны практика жүзүндө бекитүү.
Командалардын аткарган тапшырмаларын эксперттик комиссиядан турган калыстар тобу баалашты ага – «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Өндүрүштүк техникалык бөлүмдүн жетекчиси К.Б. Исмаилов, «Улуттук энергохолдинг компаниясы» АККнын Стратегиялык пландоо жана IT башкармалыгынын начальниги К.М.Беков, И.Разаков атындагы КМТУ энергетика факультетинин деканы Ж.Т. Галбаев, И.Разаков атындагы КМТУ «Электроэнергетика» факультетинин улук окутуучусу Жолдошева Б.М. ж.б.кирген.
Тандоо турунан – «Стример» (И.Разаков атындагы КМТУ), «Фос» (КРСУ), «Chellengers» (И.Разаков атындагы КМТУ), «Edison» (И.Разаков атындагы КМТУ), жана «Шумкар» (К.Тыныстанов атындагы ЫКМУ) командалары өтүштү. Чемпионаттын финалдык туру ушул жылдын 19-20-декабрына чейин Бишкекте өтөт.
2017-жылы И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин студенттери Москва шаарында өткөн «CASE In» эл аралык инженердик чемпионатка катышып келишкен. Уюштуруу иштеринде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК көмөк көрсөткөн.
Мындай иш чаралар энергетикалык компаниялардын кадр резервин түзүүдө эффективдүү курал болмокчу.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта