06.02.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын стратегиялык багыттарынын бири – квалификациялуу кадрларды даярдоо
Келечектеги энергетиктердин билим сапатын жакшытруу максатында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Электроэнергетика» кафедрасы менен бирдикте бир нече иш чараларды өткөрүүдө.
Алардын бири техникалык кызматтардагы жетекчилер, компаниядагы жогорку квалификациялуу адистер студенттер үчүн атайын лекцияларды окушууда. Ошондой эле студенттердин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук кызматтарында жана филиалдарында окуу жана квалификация алдындагы практикаларды өтүү шарттары да каралган.
2018-жылы компанияда 70тен ашык студент практика өтүшкөн. Мындан тышкары жыл сайын дипломдук долбоорлордун «Атайын суроо» бөлүмү боюнча актуалдуу темалар негизделүүдө.
Дагы бир ийгиликтүү долбоорлордун бири катары Кыргызстанда биринчи жолу өткөн студенттер арасындагы инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча республикалык чемпионатты айтууга болот.
Иш чара «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин адистеринин активдүү катышуусунда жогорку денгээлде өткөн.
Чемпионатты уюштурууда «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы», «Түндүкэлектр», «Чакан ГЭС», «Электросила» ачык акционердик коомдору жана Кыргыз Республикасынын энергетик ветерандарынын кенеши өнөктөш болушкан.
Чемпионаттын негизги максаты жогорку окуу жайлардын студенттери менен республикадагы энергетикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн бир аянтчада жолугушуусу. Чыныгы өндүрүштө кезиге турган тапшырмаларды аткаруу, теорияны практика жүзүндө бекитүү.
Командаларга алдын ала тапшырмалардын-кейси таратылган – берилген тапшырмалар өндүрүштүк практикадан алынган.
Командалардын аткарган тапшырмаларын эксперттик комиссиядан турган калыстар тобу баалашкан ага – «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Өндүрүштүк техникалык бөлүмдүн жетекчиси К.Б. Исмаилов, «Улуттук энергохолдинг компаниясы» АККнын Стратегиялык пландоо жана IT башкармалыгынын начальниги К.М.Беков, И.Раззаков атындагы КМТУ энергетика факультетинин деканы Ж.Т. Галбаев, И.Разаков атындагы КМТУ «Электроэнергетика» факультетинин улук окутуучусу Жолдошева Б.М. ж.б.кирген.
2017-жылы И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин студенттери Москва шаарында өткөн «CASE In» эл аралык инженердик чемпионатка катышып келишкен. Уюштуруу иштеринде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК көмөк көрсөткөн.
Мындай иш чаралар энергетикалык компаниялардын кадр резервин түзүүдө эффективдүү курал болмокчу.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта