08.04.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалдарынын жумушчулары ишембиликтерге жигердүү катышууда (фоторепортаж)
2019-жылдын 6-апрелинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК филиалдарынын жумушчулары кезектеги ишембиликке чыгышты.
Ысык-Көл филиалы Каракол шаарында өткөн шаардык ишембиликке катышышты. Алар ишканага бекитилген аймакты тазалап, арча тигишти.
Компаниянын республиканын башка облустарында да иштеген филиалдарынын жумушчулары ишембиликке чыгышып административдик имараттардын, көмөк чордондордун тегерек-четтери тазаланды, жашылдандырылып, бак-дарактар отургузулду.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыкты активдүү колдоодо.
Поделиться в социальных сетях