01.08.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунда жаңы башкы директор дайындалды
Куданалиев Эмил Темирбекович Башкы директор болуп дайындалды, буга чейин ал компаниянын башкы директорунун 1-орун басарынын кызматын аркалаган.
Куданалиев Эмил Темирбекович 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин аяктаган. Адистиги «Электр станциялары». Энергетикалык тутумдагы эмгек тажрыйбасы 25 жыл.
Эмгек жолун Кемин электр тармактары ишканасында электркуроочу болуп баштаган. Андан соң байланыш кызматында инженер, релелик коргоо кызматында, Аламүдүн РЭС диспетчери, Чүй электр тармактары ишканасында диспетчер болуп иштеген. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Борбордук диспетчердик кызматына которулгандан соң диспетчер, башкы диспетчер, кызматтын башчысынын орун басары, кызматтын башчысы. 2017-жылдын март айында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун 1-орун басары болуп дайындалган.
Эскерте кетүүчү нерсе, буга чейин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКны Айткулов Медетбек Ашыркулович жетектеген, ал Кыргыз Республикасынын энергетика секторунда өндүрүш багытында жана менеджерлик да тажырыйбасы жогору болгон. М.А.Айткуловдун эмгек тажрыйбасы 42 жылдан ашат.
Акыркы жылдары анын жетекчилиги алдында мамлекеттик маанидеги энергетикалык долбоорлор ишке ашкан, эл аралык CASA-1000 долбоору ишке ашырыла баштаган, ага Борбор жана Түштүк Азиянын 4 мамлекети катышат (Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан, Афганистан).
Айткулов Медетбек Ашыркулович компаниянын башкы директорлугу кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Маалымат: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому – электр станциялары иштеп чыккан электр энергиясын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары аркылуу республиканын бүткүл аймагы боюнча бөлүштүрүүчү компанияларга жана ири керектөөчүлөргө жеткирүүчү энергетикалык компания болуп саналат.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому ошондой эле Кыргызстандын энергетика тутумунун борбордук ыкчам-диспетчердик башкаруусун жүргүзгөн улуттук тутумдук оператору болуп саналат.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта