08.08.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Кыргызстандын энерготутумунун 85 жылдык мааракесине карата «Энергетика объективде» аттуу фотосынак жарыялайт
Сынактын номинациялары: Энергетиктердин иш күндөрү, Энергетикалык объекттердин сырттан көрүнүшү, Энергетиканын тарыхы.
Өткөрүү мөөнөттөрү: 2019-жылдын 8-августунан 18-августка чейин.
Сынактын шарттары эң жөнөкөй:
Инстаграмда @nesk_kg баракчасына жазылуу
Бул постко лайк басуу.
Комментарийде эки досуңду белгиле.
Сүрөттү жарыялап, номинациясын жазып, @nesk_kg баракчасын белгилеп #85летэнергосистемеКР хештеги жана сүрөттү кыскача баяндап өтүңүз.
Сөрөттүн түп нускамасын, «Мен фотосынакка катышып жатамын» деген текст менен Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасына жөнөтүңүз.
Бир катышуучу ар бир номинациядан бирден сүрөт жөнөтө алат.
Фотосынактын жеңүүчүлөрү диплом жана баалуу белектер менен сыйланышат. Өзгөчө приз эң көп лайк топтогон авторго ыйгарылат.
Баса унутпаңыздар! Сиздин профиль ачык болуусу шарт, утуучу болуп таанылсаңыз директ аркылуу кабарлашканга.
Сынактын жыйынтыгы 2019-жылдын 19-августунда жарыяланат.
Ийгилик каалайбыз! Активдүүлүктү көрсөтүп, креативдүү жана өзгөчө сүрөттөрдү жөнөтүңүздөр.
Поделиться в социальных сетях