15.10.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан атайын чакырылган меймандык лекция И.Раззаков атындагы КМТУнун энергетикалык факультетинин студенттери үчүн уюштурулду
Бүгүн, 2019-жылдын 15-октябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун энергетикалык факультетинин студенттери үчүн «Петербург энергетикалык квалификацияны жогорулатуу институтунун» «Энергетикалык жабдуулардын техникалык абалын диагностикалоо жана башкаруу» кафедрасынын башчысы Таджибаев Алексей Ибрагимович меймандык лекция окуду.
Лекцияга 100дөн ашык жогорку курстун профилдик багыттагы студенттери, мугалимдери жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы»ААКнын өкүлдөрү катышты.
Лекция «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен И.Раззаков атындагы КМТУнун энергетикалык факультети ортосундагы жаш кадрларды даярдоо кызматташтыгы программасынын алкагында уюштурулду.
Лекция өтөөрдүн алдында Таджибаев Алексей Ибрагимович окуу жайдын энергетикалык факультетинин деканы жана кафедра башчылары менен жолукту. Жолугушууда мугалимдер курамынын квалификациясын жогорулатуу жана студенттерди окутууда тажрыйба алмашуу боюнча мүмкүн болгон кызматташуу маселелери талкууланды.
Билдирме иретинде: Таджибаев Алексей Ибрагимович – Техника илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын электр техникалык илимдер академиясынын мүчөсү (АЭН РФ).
Россия Федерациясынын эмгек сиңирген энергетиги. Россиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунун эмгек сиңирген кызматкери.
300дөн ашуун илимий эмгектердин автору, анын ичинде 35 китептин, илимий-методикалык куралдардын, монографиялардын, 37 автордук күбөлүк жана патенттердин ээси.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта