22.10.2019 Тутумдар аралык 220 кВ Главная көмөк чордонунда өрткө каршы машыгуулар өттү
Бүгүн 2019-жылдын 22-октябрында Чүй облусунун Ленинское айылында жайгашкан тутумдар аралык 220кВ Главная көмөк чордонунда, өрткө каршы машыгуулар өттү, ага ылайык жасалма түрдө кыска туташуудан улам ТСН-1ден чыккан 04кВ кабелде өрт чыккан.
Иш чаранын башкы максаты: энергетикалык объекте планга ылайык өрткө каршы машыгууларды өткөрүү.
«Мындай шартта биринчи кезекте өндүрүштүк топтун ыкчамдыгы, алардын иш аракети, биринчи медициналык жардам көрсөтүүсү абдан маанилүү. Бизде планга ылайык, өрткө каршы туруу максатында жыл сайын эки жолу окуулар уюштурулат. Коопсуздукту сактоодо эң маанилүү нерсе, машыгууда чындыкка жакындаштырылган жагдайды баштан өткөрүү. Бардык эрежелерди жатка билүү мүмкүн, бирок, мындай кырдаалда билген нерсең унутулуп калат, иш жүзүндө жасаган нерсе эсте сакталат. Бүгүн биздин алдыбызда көмөк чордондун кызматкерлеринин штаттык эмес абалга даярдыгын текшерүү эле» - деди «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын ишеничтүүлүк жана коопсуздук техника секторунун башкы инженери Анара Саргулова билдирди.
Иш чара ӨКМ өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү, алар өрт өчүрүүчү жабдыктар менен колдонгонду, ал эмнеден тургандыгы, анын түрлөрү тууралуу айтып беришти. Ошондой эле машыгуу учурунда биринчи медициналык жардам көрсөтүү тууралуу маалымат берилди.
Өрткө каршы машыгууларга көмөк чордондун персоналы, техникалык коопсуздук кызматы, эксплуатация жана оңдоо кызматы, Чүй филиалынын байланыш тобу жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын өкүлдөрү катышты.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта