29.10.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын окуу борборунда КР Өкмөтү алдындагы Мамэкотехинспекциянын инспекторлору окуулардан өтүштү
2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдындагы Мамэкотехинспекциянын 37 инспектору «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын окуу борборунда өз квалификациясын жогорулатышты.
Квалификацияны жогорулатуу өндүрүштүк-техникалык жана атайын курстар аркылуу өтөт.
КР Өкмөтүнө караштуу Мамэкотехинспекциянын энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Батырбек Талканбаев, бул окуу борборунда инспекторлор жылына бир ирет квалификациясын жогорулата тургандыгын билдирди. Окуулардын негизги максаты – убакыт жана энергетиктер менен бир тепкичте болуу.
«Акыркы жылдары республиканын энергетикалык сектору тездик менен өнүгүүдө, реконструкция, модернизация жүргүзүлүп, жаңы жабдыктар орнотулууда. Окуу процессинин жүрүшүндө инспекторлор жаңы жабдыктардын түзүлүшүн окуп үйрөнүшүүдө, практика учурунда сапаттуу көзөмөл жүргүзүү максатында», - деди Батырбек Талканбаев.
«Кыргызстан Улуттук электр тармагы» ААКнын окуу борбору – Республикадагы жалгыз адистештирилген мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк, сертификат берген окуу жайы болуп саналат.
Окуу борбор республиканын бардык чарбалык тармактарына жумушчуларды даярдайт, ошондой эле келишимдин негизинде «буйрутма берүүчүнүн» буйругу менен атайын программа боюнча курстарды уюштурат.
Поделиться в социальных сетях