28.01.2020 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн алдын ала жыйынтыктары каралды
Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Айтмамат Назаров “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКта жумушчу кеңешме өткөрүп, анда компаниянын 2019-жылдагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды.
Акционердик коомдун Башкы директору Эмил Куданалиев компаниянын өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча маалымат берип, натыйжалуулуктун чечмелөөчү көрсөткүчтөрүн жана техникалык-экономикалык өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрүн айтып өттү.
Башкы дирекция тарабынан, компаниянын энергетикалык объектилериндеги оңдоп-түзөө жана капиталдык курулуш боюнча мерчемделген бардык иштер толук көлөмдө аткарылгандыгы белгиленди, ошондой эле “CASA-1000” жана “Баткен облусундагы Арка массивин электр менен жабдууну жакшыртуу” долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымат берилди.
Жарыя кылынган Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында компания тарабынан энергетикада бардык процесстерди автоматташтыруунун ишенимдүү иштөөсүн жана маалыматтар базасын сактоону камсыз кылуучу бир катар иш-чаралар аткарылды.
Айтмамат Назаров, энергетикада санариптештирүү жана процесстерди автоматташтыруу боюнча иштерди улантууну, инвестициялык долбоорлорду өз убагында ишке ашырууну, күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү өтүү үчүн көмөк чордондорду жана электр берүүчү чубалгыларды реконструкциялоону жана модернизациялоону өткөрүүнү, ошондой эле кадрларды даярдоого жана алардын дараметин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Кеңешмеде Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын мүчөлөрү, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Башкы дирекциясы, негизги түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилери жана филиалдардын директорлору катышты.
|
|
|
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта