22.05.2020 2020-жылдын 22-майында, Коронавирус инфекциясынын таралышына каршы күрөшүү боюнча комплекстик иш-чаралардын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Чүй филиалынын базасында жана административдик имаратында кезектеги дезинфекциялоо жүргүзүлдү
Дезинфекциялоо санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлердин катышуусу менен жүргүзүлүп, алар иш бөлмөлөрдү, имараттарды жана өндүрүштүк жайларды атайын каражаттар менен тазалашты.
Санитардык жана карантиндик нормаларды сактоо боюнча иш-чаралар компаниянын бардык филиалдарында өткөрүлүүдө. Колдорду тазалап туруу үчүн антисептиктер орнотулуп, өткөрүү пункттарында дене температурасын өлчөө жүргүзүлүүдө.
Поделиться в социальных сетях