02.06.2020 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын энергетиктери Сары-Кыр ашуусунун чокусунда (деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте) жайгашкан электр берүү чубалгысындагы аварияны жоюшту
Нарын жана Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканаларынын тарамдарын бириктирген Үрүмбаш-Жетиген электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) март айынын аягында (28-март 2020-ж.) катуу шамалдын жана калың кардын жабышуусунан улам бузулган. Керектөөчүлөр башка 110 кВ аба чубалгылардан камсыздалып турган.
Аталган аймакка жетүү мүмкүн болбогондугуна жана жолдор жабылгандыгына байланыштуу авариялык абалды калыбына келтирүү иштери аба ырайынын жылышы менен башталды. Деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Кыр ашуусунун чокусуна чыгуу үчүн “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Нарын филиалынын 5 даана атайын техникасы жана аба чубалгылар кызматынын бригадалары тартылды.
Жолду кардан тазалоо иштери 2 күнгө созулуп, бузулган жерди издөө жана оңдоо иштери 3 күнгө созулду. 01.06.2020-жылы ЭБЧ ийгиликтүү ишке киргизилди.
Поделиться в социальных сетях