10.08.2020 Бүгүн, 2020-жылдын 10-августунда “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, чогулуш бардык санитардык талаптарды жана коопсуздук ченемдерди сактоо менен өткөрүлдү.
Акционерлер чогулуштун күн тартибиндеги 10 маселе боюнча талкууга жана добуш берүүгө катышышты:
- Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө;
2. Коомдун финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча Башкы дирекциянын 2019-жылга отчёту жөнүндө;
- Коомдун көзкарандысыз аудиторунун 2019-жылга корутундусу жөнүндө;
4. Коомдун Ревизиялык комиссиясынын 2019-жылга корутундусу жөнүндө;
5. Коомдун бюджетинин аткарылышы боюнча Башкы дирекциянын 2019-жылга отчёту жөнүндө;
6. Коомдун 2019-жылдагы кирешелеринин жана чыгашаларынын эсеби, жылдык балансы жөнүндө;
- Директорлор кенешинин 2019-жылга отчёту жөнүндө;
8. Коомдун 2020-жылга жылдык бюджети жөнүндө;
9. Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө;
10. Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунун күн тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары массалык маалымат каражаттарына жана компаниянын расмий www.nesk.kg сайтына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жарыяланат.
Поделиться в социальных сетях