03.11.2020 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Чүй филиалында кыргыз тил кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү
Кабинеттин салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Нурсултан Абдыбеков, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Чүй филиалынын директору Таалайбек Ибраев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Борбордук аппаратынын кадрлар тобунун башчысы Толгонай Масаитова жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жамааты катышты.
“Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген мыйзамдын кабыл алынгандыгына быйыл 31 жыл толуп отурат. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы көзкарандысыз мамлекетти куруудагы олуттуу кадамдардын бири болду. Кыргыз тили - эгемендүүлүктүн жана улуттук мамлекеттүүлүктүн символу, кыргыз элинин улуттук руханиятынын ажырагыс бөлүгү. Өлкөбүздөгү ири компаниялар кыргыз тилин кеңири жайылтууга ушундай деңгээлде көңүл буруп жатканы бизди кубандырат”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Нурсултан Абдыбеков.
Ошондой эле ал “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Чүй филиалынын директору Таалайбек Ибраевге “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” Ардак грамотасын тапшырды.
Кыргыз тил кабинетинин ачылышына карата, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Борбордук аппаратынын кадрлар тобунун башчысы Толгонай Масаитова Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын эмгек жамаатына техникалык сөздүктөрдү тапшырды.
Ишкананын кызматкерлери белгилегендей, өзүнчө кабинет ачуу жана энергетика боюнча атайын техникалык сөздүктөрдү иштеп чыгуу сыяктуу шарттарды түзүү мамлекеттик тилди жумушта жана күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонууга түрткү берет.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта