19.03.2021 Кар көчкүнүн айынан келтирилген зыяндар жоюлгандан кийин “КУЭТ”ААК Токтогул ГЭС - Датка 500-кВ аба чубалгысын ишке киргизди
2021-жыл 26-февраль 19 саат 31 мүнөттө Токтогул ГЭС – Датка көмөк чордонунун (Базар-Коргон районунда жайгашкан) релелик коргоо түзмөктөрүнөн 500 кВ АЧ өчүрүлдү. Кол менен кайталап туташтыруулар ийгиликсиз болду. Токтогул ГЭСинен чыккан электр кубаты иштөөдө калган Токтогул ГЭС - Түлөбердиев көмөк чордону - Фрунзенская көмөк чордону (Панфилов районунда жайгашкан) 500 кВ АЧ аркылуу жүргүзүлдү. Электр энергиясынын керектөөчүлөрүн өчүрүү же чектөө болгон жок. Бирок ошол эле учурда, Кыргызстандагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү кыйла төмөндөдү. “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы - Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын (ЖЧЭТИ) кызматкерлери бийик тоолуу аймактарда жалпы узундугу 80 км түзгөн 500 кВ аба чубалгысынын 20 км деп эсептелген участогун текшерип чыгышты. Кардын бийиктиги 0,5-1,5 м болгонуна байланыштуу аймакты толугу менен текшерип чыгуу мүмкүн болгон жок.
Ошондуктан, жетүүгө кыйын болгон жерлердеги 500 кВ аба чубалгыларын текшерип чыгуу үчүн “Кыргызстан УЭТ” ААК тарабынан вертолет ижарага алынды. 28-февраль күнү аба чубалгысынын үстүнөн учуп жүргөн үчурда Ноокен районунун түндүк бөлүгүндө жайгашкан 120-тирөөч кар көчкүдөн кулап, анын “А” фазасынын жана 120-121-122-тирөөчтөрдүн фазаларындагы үч зымдын экөөсү жабыркагандыгы аныкталды.
Эртеси күнү чыгымдарды баалоо жана эртерээк калыбына келтирүү иштерин баштоо үчүн 500 кВ аба чубалгысынын бузулган жерине “КУЭТ” ААКтын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин түшүрүү менен дагы бир рейс жасалды.
Келтирилген зыянды жоюу үчүн биринчи кезекте 120-тирөөчтөн баштап, жогорураак жайгашкан 122-тирөөчкө чейин 5 чакырымдай алыстыктагы жолду кардан тазалоо керек болду. Бул иштерди аткаруу үчүн “Кыргызстан УЭТ” ААКтын бульдозери жана жүктөгүчү колдонулду. Жалал-Абад облусунда өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз адистерин жана КР ӨКМ менен “Кыргызнефтегаз” ААКтын атайын техникаларын ишке тартты. Кардын тынбай жаашы жана тазаланган жолго кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу иштин жүрүшү татаалданды. КР ӨКМдин адистери тарабынан кар көчкү коркунучуна жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына жана алардын сунуштарына ылайык кооптуу участокторду айланып өткөн жаңы жол курулду.
Жол төшөлгөндөн кийин 12-мартта Токтогул ГЭС - Датка көмөк чордонунун 500 кВ аба чубалгысын ишке киргизүүнүн убактылуу схемасын түзүү боюнча иштер башталды. Жакын жайгашкан тирөөчтөрдүн “А” фазасынын зымдары чечилип, оңдоо иштери жүргүзүлдү. 19-мартта убактылуу схема түзүү боюнча жумуштар аяктап, ТГЭС-Датка 500 кВ АЧ пайдаланууга берилди. 2021-жылдын жайында 120-тирөөчтүн “А” фазасы жаңыдан орнотулат жана тирөөчтү кар көчкүдөн сактоо боюнча зарылдуу иш-чаралар жүргүзүлөт. “Кыргызстан УЭТ” ААК Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик администрациясы жана ”Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар үчүн ыраазычылыгын билдирет.
|
|
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта