29.04.2021 Ош облусундагы электр энергиясынын өчүрүлүшү жөнүндө маалымат
29.04.2021ж. Саат 09:40та “Гүлчө” көмөк чордонунда Ош облусунун Чоң Алай районундагы жана Алай районунун бир бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдү камсыз кылган “Гүлчө - Суфи-Курган” 110 кВ аба чубалгысы өчүрүлдү. Себеп: Алай районунун Будалык айылынын тургундары бакты кыйганда, ал 110 кВ аба чубалгысына түшкөн.
Бузулууну оңдоо үчүн “КУЭТ” ААКтын Ош филиалынын чубалгы кызматынын ыкчам бригадасы жөнөтүлүп, “Гүлчө-Суфи-Курган” 110 кВ аба чубалгысынын №82 жана №83 тирөөчтөрүнүн керме аралыгындагы дарак алынды. Саат 11: 08де “Гүлчө-Суфи-Курган” 110 кВ аба чубалгысы ишке киргизилди.
Поделиться в социальных сетях