14.05.2021 Урматтуу асыл зат Энелер жана Айымдар, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКты сиздерди Энелер күнү менен куттуктайт!
Эне болот үй бүлөдө нурун чачкан.
Эне болот жарыктыкка сени тапкан.
Эне болот бөпөлөтүп мээрим төгүп,
Эне болот ак бешике бөлөп баккан.
Эне болот көңүл бөлүп кошо күлгөн.
Эне болот санаа тартып үйдө жүргөн.
Эне болот сагындырып балдарын,
Эне болот бата берип үйдө күткөн!
Сүйүүнүн, жылуулуктун жана түбөлүк чыдамдуулуктун символу болгон Энелер күнүндө Сиздерди чын дилибизден куттуктап, ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат каалайбыз!
Бейиш – энелердин таманынын алдында!
Поделиться в социальных сетях