26.05.2021 “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК керектөөчүлөргө электр энергиясын үнөмдөөнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылат
Республика боюнча электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө жана Нарын дарыясынын куймасын түзгөн жерлерде кардын топтолушунун көп жылдык орточо ченеминин төмөндөшүнө байланыштуу болгон электр энергиясынын жетишсиздигинен улам алдыдагы 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде татаалдыктар болушу күтүлүүдө. Тиешелүү органдар тарабынан электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Биринчи чара – бул Казакстан жана Өзбекстандын энергетикалык тутумдары менен электр энергиясын алмашуу. 2021-жылдын март айынан 2022-жылдын март айына чейин алардан 1 650 миллион кВт.саат алынып, 2021, 2022 жана 2023-жылдардын жай айларында 550 миллион кВт.сааттан үч этап менен кайтарылып берилет. Ошентип, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилиндеги электр энергиясынын тартыштыгын жабуу үчүн Кыргызстандын энергетикалык тутуму 11 00 миллион кВт.саат алат.
Экинчи чара – Бишкек шаарынын ЖЭБин кошумча жүктөө, бул дагы тартыштыкты жабууда болжол менен 1 000 миллион кВт.саат берет.
Андан кийинки натыйжалуу чара – электр энергиясын бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар (БЭК) тарабынан да, электр энергиясын дүңүнөн сатуучулар (ЭДС) тарабынан да электр энергиясын керектөөнү кескин чектөө.
Бардык БЭКтер – “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Жалалабатэлектро” жана “Ошэлектр” ААКтары электр энергиясын керектөөнү белгиленген чектерге чейин азайтуу боюнча жигердүү иш алып барышууда. Ошол эле учурда, ири ЭДСтер “Электросила”, “Энерготехсервис”, “Глобал Энерджи” жана “ЭК групп” ишканалары тарабынан, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын бир нече жолку талаптарына карабастан, керектөөнү белгиленген чекке чейин төмөндөтүү байкалбай турат. Мындай кырдаал алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү ыктымалдуулугун кыйла төмөндөтөт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК бардык керектөөчүлөрүнөн электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну, электр алеттерин жөнсүз күйгүзбөөнү, ысытуучу лампаларды колдонбоону, жылытуунун жана суу ысытуунун башка булактарына өтүүнү суранат.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта