09.07.2021 Фоторепортаж: Нарын облусунун бийик тоолуу аймагында жайгашкан чек ара заставаларынын бирине электр жарыгы берилди
Нарын облусунун бийик тоолуу аймагында жайгашкан “Муз-Төр” чек ара заставасын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында 110 кВ көмөк чордонунун куруу иштери аяктап ишке киргизилди. Көмөк чордондун курулушуна атайын компанияларды жалдабай, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын Нарын филиалы өз күчү менен салды. Ал эми жабдуулар компаниянын өзүндө болгон запастарынан алынды.
30 жылдан ашуун убакыттан бери бул заставанын электр энергиясы дизелдик электр станциясына байланыштуу болгондуктан, электрэнергия бир нече сааттарда гана жана чектелген өлчөмдө берилип келген. Жаңы көмөк чордон күнү-түнү иштеп, чек ара заставасын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздайт.
2021-жылы 8-июлда өткөрүлгөн көмөк чордонду ишке киргизүүнүн аземине Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев, Министрлер кабинетинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Алтынбек Рысбеков жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын Нарын филиалынын энергетиктеринин катышуусу менен болуп өттү.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-июнда Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында заставаны үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча тапшырма берген.
Поделиться в социальных сетях