12.08.2021 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын кызматкерлери жумуш процессин үзгүлтүккө учуратпастан коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү
Кызматкерлерди эмдөөдөн өткөрүү Бишкек шаарынын мэриясынын жардамынын аркасында мүмкүн болду.
Жумуш ордунда эмдөө алуу үчүн 20дан ашык кызматкерден турган каалоочулардын тизмесин түзүү керек, андан кийин райондук администрацияга кайрылуу керек.
Телефон аркылуу байланышсаңыз да болот: 0312 53 15 83. Белгиленген күнү дарыгерлер кайрылган ишканага барып, жумуш процессин үзгүлтүккө учуратпастан эмдөө жүргүзүшөт.
Поделиться в социальных сетях