08.09.2021 "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды
Бүгүн, 2021-жылдын 8-сентябрында, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКда акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибинде коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана коомдун директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрүн шайлоо боюнча маселелер каралды.
Адегенде, коомдун директорлор кеңешинин толук курамы:
- Айталиев Тилек Анаркуловичтин;
- Беков Кубаныч Нияз-Маматовичтин;
- Давыдов Ильяс Абдулловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Андан соң коомдун директорлор кеңешинин жаңы курамы:
- Касымов Равшанбек Назарович;
- Жумабаев Максат Искендербекович;
- Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович;
- Кошбай уулу Кадырбек;
- Пирматов Рахатбек Толобаевич шайланды.
Ошондой эле, жыйындын күн тартибинде дагы эки маселе каралды:
1. Коомдун эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.
2. 2021-жылга карата Комдун жылдык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун жыйынтыктары “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын www.nesk.kg расмий сайтында “Акционерлер жана инвесторлор” бөлүмүндө жарыяланат.
Поделиться в социальных сетях