30.09.2021 «Кыргызстан улутттук электр тармагы» ААК жана «Россети» ААК эки өлкөнүн элктр тармактык комплекстеринин ишин талкуулады
2021-жылдын 27-28-сентябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын делегациясы «Россети» ААКга иш сапары менен барды.
Иш сапардын алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Алтынбек Рысбеков менен «Россети» ААКтын башкы директорунун орун басары - башкы инженери Андрей Майоровдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн электр тармактар комплексинин иши, электр тармагынын инфраструктурасын эффективдүү тейлөө жана оңдоо ыкмалары, анын ичинде инновациялык технологиялардын, механизациянын жана башкаруунун заманбап каражаттарынын колдонулушу, санариптик трансформациянын жана эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Мындан тышкары, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өкүлдөрү «Сколково» технопаркын электр энергиясы менен камсыз кылган жер астындагы «Сколково» 220 кВ көмөк чордонуна жана Москва энергетикалык шакекчесин азыктандырган 10 борбордун бири болгон «Очаково» 500 кВ көмөк чордонуна барышты.
Ошондой эле, «Россети» компаниялар тобунун Кырдаалдык-талдоо борборунун (КТБ) иши менен таанышышты. Аталган борбор Топтун компаниялары жайгашкан 81 региондун аймагындагы электр тармактар комплексинде болуп жаткан бардык олуттуу жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалыматты күнү-түнү чогултуу, координациялоо жана иштеп чыгуу менен алектенген негизги борбор болуп эсептелет.
«Россети» ААК - Россиянын электр тармактарынын оператору - дүйнөдөгү эң ири электр тармактык компаниялардын бири. Иштөө аймагы - Россия Федерациясынын 80 регионун камтыйт. Компания 2,40 миллион километр электр берүү чубалгыларын, трансформатордук кубаттуулугу 809 миң МВАдан ашкан 528 миң көмөк чордондорду иштетет.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта