06.10.2021 Республика боюнча электр энергиясын керектөөнүн өсүшү байкалууда. Кыргызстан улуттук электр тармагы жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-сентябрдагы №191 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтому менен электр энергиясына белгиленген лимит 32 миллион 476 миң кВт/саатты түзөт, ал эми 2021-жылдын 5-октябрында республика боюнча электр энергиясынын суткалык керектөөсү 39 миллион 908 миң кВт/саатты түздү. Ыкчам маалыматка ылайык “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК 2021-жылдын сентябрь айында республика боюнча электр энергиясын керектөө 890 миллион 374 миң кВт/саатты түзгөндүгүн билдирет. 2020-жылдын ушул эле мезгилинде керектөө 856 миллион 023 миң кВт/саатты түзгөн. Бул салыштыруудан көрүнүп тургандай, ушул жылдын сентябрь айында электр энергиясын керектөөнүн көрсөткүчтөрү өткөн жылга караганда 34 миллион 351 миң кВт/саатка көп болгон.
“Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланышкан учурдагы абалды эске алып, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК калкка жана башка керектөөчүлөргө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүчү менен кайрылабыз. Ошондой эле бардык жарандарды керексиз маалда жарыкты жана электр шаймандарын өчүрүүгө чакырабыз”- деп белгиледи «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директору Ж.Ачикеев
Поделиться в социальных сетях