06.12.2021 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өкүлдөрү энергетика тармагындагы антропогендик тобокелдиктерди башкаруу боюнча эл аралык мастер-класска катышышты
2021-жылдын 6-декабрында эмгек өндүрүмдүүлүгүн, коопсуздукту, ишенимдүүлүктү жана кызматкерлердин кесиптик ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган энергетика тармагындагы антропогендик тобокелдиктерди башкаруу боюнча эл аралык мастер-класс өткөрүлдү.
Иш-чара КМШ Электр энергетикалык кеңешинин Аткаруу комитети тарабынан уюштурулду жана өткөрүлдү. Аталган иш-чарага КМШнын 8 өлкөсүнөн (Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Россия, Беларусия, Армения, Молдова) 42 энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү катышты.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук аппаратынан ИКТКнын жетекчи инженери Анара Саргулова жана Чүй филиалынын ИКТК башчысы Дамира Усеинова активдүү катышышты.
Поделиться в социальных сетях