18.01.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылынын бир бөлүгүндө электр жарыгы кыска мөөнөткө өчүрүлөрү тууралуу билдирет
2022-жылдын 19-январында саат 08:00дөн 13:00гө чейин «Электр станциялары» ААКтын кайрылуусу боюнча «Үч-Коргон ГЭС-Юлдуз» 110 кВ аба чубалгысынын чубалгылык ажыраткычындагы контактын ысышын четтетүү үчүн Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылынын бир бөлүгүндө электр энергиясы кыска мөөнөткө өчүрүлөт.
Көрүлүп жаткан чаралар керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталып, мындан аркы авариялык өчүүлөргө жол бербөөгө өбөлгө түзөт. Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Поделиться в социальных сетях