02.03.2022 Ош облусунун айрым райондорунда электр энергиясы өчүрүлөрү тууралуу билдирүү
2022-жылдын 4-5-март күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын ОшЖЧЭТтин «Ош-ТЭЦ-Каратай» 110 кВ аба чубалгысынын көмөк чордонундагы ремонт иштерине байланыштуу, саат 08:00дөн 17:00гө чейин Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт.
Оңдоо иштери 2022-2023-жылга кезектеги күз-кыш мезгилине электр берүү чубалгыларын даярдоо максатында жүргүзүлүүдө.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК келтирилген убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.
Поделиться в социальных сетях