04.03.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунун жана электр берүү чубалгыларынын ишенимдүү иштөөсүн жогорулатат
2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү үчүн “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКта оңдоо иштери башталды. Копаниянын балансында турган энергетикалык объекттер:
- жалпы узундугу 7641 км болгон 110 кВ, 220 кВ жана 500 кВ чыңалуудагы электр берүү чубалгылары;
- 110 кВ, 220 кВ жана 500 кВольттук 199 даана көмөк чордон.
Уюштуруу-техникалык иш-чаралары боюнча бекитилген графиктин алкагында бардык жогорку чыңалуудагы көмөк чордондордо жана электр берүү чубалгыларында капиталдык жана учурдук ондоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Мындан тышкары имараттар, курулмалар, транспорттук каражаттар жана техникалык кызматкерлер кышкы шарттарда иштөөгө даярдалууда.
Оңдоо иштеринин өз убагында ишке ашырылышы электр тармактар комплексинин ишенимдүү иштөөсүн жогорулатат жана максималдуу жүктөмдөр мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылат.
Пландуу иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Алдын-ала коомчулукту маалымдап туруу үчүн датасы жана убактысы көрсөтүлгөн оңдоо иштери тууралуу билдирүүлөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт, ошондой эле компаниянын сайтына, социалдык баракчаларына жана массалык-маалымат каражаттарына (радио, маалымат агенттиктери) жайгаштырылат.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта