26.03.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы жыйналышы болуп өттү
Бүгүн, 2022-жылдын 26-мартында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы жыйналышы өткөрүлдү.
Акционерлердин кезексиз жалпы жыйналышынын күн тартибинде төмөнкү маселелер боюнча чечим чыгарылды:
Эсептөө комиссиясынын курамы бекитилди;
«Түндүк электр» ААКты, «Чыгыш электр» ААКты, «Ош электр» ААКты жана «Жалалабатэлектр» ААКты «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка кошуу түрүндөгү кайрадан уюштурууну жүргүзүү чечими кабыл алынды;
«Түндүк электр» ААКтын, «Чыгыш электр» ААКтын, «Ош электр» ААКтын жана «Жалалабатэлектр» ААКтын «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка кошулуусу тууралуу келишимдер бекитилди.
Поделиться в социальных сетях