28.04.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү
Бүгүн, 2022-жылдын 28-апрелинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү.
Чогулушта төмөнкү маселелер каралып чыкты:
1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу;
2. Коомдун 2021-жылдагы финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө Башкы Дирекциянын отчёту тууралуу;
3. Коомдун көз карандысыз аудиторунун 2021-жылга корутундусу тууралуу;
4. Коомдун текшерүү комиссиясынын 2021-жылга корутундусу тууралуу;
5. Коомдун 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Башкы дирекциянын отчёту тууралуу;
6. Коомдун 2021-жылдагы жылдык балансы, кирешелеринин жана чыгымдарынын эсеби тууралуу;
7. Директорлор кеңешинин 2021-жылдагы ишинин отчёту тууралуу;
8. Коомдун 2022-жылга карата жылдык бюджети тууралуу;
9. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу;
10. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу;
11. 2022-жылга карата Коомдун Текшерүү комиссиясын күтүүгө каралган чыгымдардын сметасы тууралуу.
Тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунун жыйынтыктары “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын www.nesk.kg расмий сайтында “Акционерлер жана инвесторлор” бөлүмүндө жарыяланат.
Поделиться в социальных сетях