17.05.2022 “Энергетика тармагындагы реформа, пландар жана перспективалар” деген темада тегерек стол болуп өттү
Бүгүн, 2022-жылдын 17-майында «Энергетика тармагындагы реформа, пландар жана перспективалар» деген темада тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Доскул Бекмурзаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, энергетиктер, коомдук ишмерлер катышты.
Доскул Бекмурзаев энергетикалык компанияларын башкарууну оптималдаштыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Акционердик коомдордун биригип, ирилеши жүрүп жатат. Бул энергетикалык ишканалардын эсебинен гана энергетикалык объектилерин курууга кошумча каражаттарды табууга мумкундук берет. Биз буга чейин Бишкекте Түндүк РЭТтин жана «Алтын Казык» көмөк чордонунун курулушун бүтүрдүк. Мындай долбоорлор жакынкы айларда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында бүткөрүлөт.
Учурда Энергетика министрлигинин алдында жооптуу милдеттер турат: Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, энергетикалык компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ири долбоорлорду ишке ашыруу. Мамлекет башчы эки жылдын ичинде реформа жүргүзүүнү тапшырды. Кыйынчылыктарга карабастан, 2021-жылы электр менен камсыздоону жана калкты тейлөөнү жакшыртуучу бир катар долбоорлор ишке ашырылды.
Поделиться в социальных сетях