25.08.2022 Керектөөчүлөргө «Чексиз» тарифи тууралуу маалымат
«Чексиз» тарифине өтүү үчүн төмөнкүлөр керек: Алгач, жашаган жери боюнча РЭТке кайрылуу зарыл. Турак жайдын же ишкананын дарегин, өздүк эсебин, аты-жөнүн жана датасын көрсөтүү менен тарифке ыктыярдуу өтүү үчүн арыз жазыңыз. Жаныңызда паспорт, анын көчүрмөсү жана үйдүн же батирдин документтеринин көчүрмөлөрү болушу керек. Жаңы тарифке өткөн соң электр энергиясынын баасы 1кВт/саатка 5 сом 4 тыйын болот. Абонент электр энергиясын каалаган муктаждыктары үчүн( криптовалюта майнингинен тышкары) жана күз-кыш мезгилинде үйдү жылытуу үчүн да колдоно алат.
Белгилей кетсек, аталган тарифке салык салынбайт.
Поделиться в социальных сетях