22.09.2022 Алтынбек Рысбеков «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору болуп дайындалды
Бүгүн, 2022-жылдын 22-сентябрында, Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Нурлан Садыков «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жамаатына жаңы дайындалган жетекчи Рысбеков Алтынбек Дурусбековичти тааныштырды.
Рысбеков Алтынбек Дурусбекович «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты аркалап келген Жумаев Медетбек Эргешовичтин ыйгарым укуктары токтотулду.
Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Нурлан Садыков компаниянын жаңы жетекчилигине жана жамаатына ийгиликтерди каалады.
Ал энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдоонун жана аны ийгиликтүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда авариялык өчүрүүлөр болгон Баткен облусун, атап айтканда Баткен жана Лейлек райондорун электр менен камсыздоону толук калыбына келтирүү зарыл. Мындан тышкары, көмөкчордондорду, электр берүү линияларын капиталдык курууга байланышкан бир катар негизги маселелерди тез арада чечүү жана бардык пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууну улантуу зарыл», - деди Нурлан Садыков.
Алтынбек Рысбеков көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого ниеттенип жатканын белгиледи.
Резюме: http://nesk.kg/.../bashkaruu-organdary/bashky-direktsiya
Маалымат үчүн: «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК – электр энергиясын өлкө боюнча турак жайларга жана ири өнөр жай керектөөчүлөрүнө ташуучу жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компания. Ошондой эле, ишкана Кыргызстандын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган оперативдүү жана диспетчердик башкарууну ишке ашырган системалык оператор болуп саналат.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта