22.10.2022 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын кызматкерлери «Таза Мурас» жалпы улуттук кампаниясынын алкагында кезектеги Улуттук тазалык күнүнө катышты
Ага ылайык мекеме кызматкерлери шаар мэриясы бөлүп берген аймакта тазалоо иштерин жүргүзүп, иш-чарага жигердүү катышты. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан башталган «Таза Мурас» акциясы 2022-жылдын 31-октябрына чейин уланат.
Республиканын жалпы жарандарын айлана-чөйрөнү иреттеп-тазалоого, тийиштүү аянттарды көрктөндүрүүгө жана өзүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырабыз.
Поделиться в социальных сетях